Бактылуу болуунун 8 эрежеси
Адам канткенде бактылуу болот? Бул суроо кылымдар бою философторду, диний ишмерлерди, акын-жазуучуларды дегеле адамзатын ойлонткон маселе. Бүгүнкү күндө илимпоздор адамга 8 эреже бактылуу болууга шарт түзөт деп эсептешет.

1. Маданият тармагына аралашып, дүйнө таанымыңызды кеңейтиңиз, география, саякат, маданий кызыкчылык адамды жашартат. Актер-актриса, ырчылар жаш көрүнгөнү мына ушундан.
2. Жөө басуу, таза абада көп болуу адамды чыйрак, жаш кылат.
3. Үй жаныбарларын асыроо керек. Аларга көңүл буруу менен адам керт башындагы кайгы капалардан алаксыйт.
4. Жума аягында апта ичинде болгон жакшы саамалыктардын кур дегенде үчөөсүн күндөлүккө жазып, баса белгилеп коюңуз.
5. Адамдарга чын жүрөктөн жардам бериңиз. Кошомат кылуу, жеке максатты көздөп бирөөгө жумуш жасап берүү эсепке кирбейт. Кошоматчы адамдар бат картайат.
6. Жагымдуу эски окуяларды көбүрөөк эстеңиз.
7. Сүйүү жана сүйүктүү болуу керек.
8. Бактылуу болууга жан үрөп аракет жасоонун кереги жок, кыскасы балык сууда кандай эркин болсо сиз да ошондой эркин болуңуз.