Жаңылыктар Саясат

«Бакырчаак Бакай» бир тыйын албай мамлекетке иштей турган болду

Буга чейин «бакырчаак Бакай» атка конгон Кашкарбаев айыл чарба министрине коомдук башталыштагы жардамчы болуп, ал милдеттерине 26-апрелден тартып кирише турганы айтылган.

Анын министрге кеңешчи болуп дайындалганы социалдык тармактын колдонуучуларынын сын-пикирин жаратып, ар кандай пикирлер айтылган.

Бул суроолорго бүгүн, 27-апрелде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков пресс-конференция берип жаткан учурунда токтолуп, Кашкарбаевде көйгөйдү элге жана министрликке жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

«Кеңешчи боюнча, бакырчаактарды эле ала бересиңерби деп жатасыңар. Менин принцибим сын айтасыңбы, сунуш бер, сунуш бересиңби жаса, жасайсыңбы жооп бер! Бизде эмне көп, серепчи көп. Бизде ким көп, сунуш айткандар көп. А жоопкерчиликти моюнга алышыбыз керек да.

Мына ошон үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Айыл, суу чарба, аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын 24-ноябрында бекиткен жобосунда коомдук кеңешчи мамлекеттик кызматта иштегени маанилүү эмес экени айтылып турат. Биз ар бир кыргызстандыктын сунушуна, колдоосуна муктажбыз.

Бакай Кашкарбаевдин маселени элге жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар экен. Биз аны эмнеге пайдаланбашыбыз керек? Бир сом акча төлөбөсөк, кабинет бербесек, командировка бербесек, эмнеге болбосун. Биздин саясатты элге жеткириш керек, жериндеги элдин мүдөөсүн мага жеткириш керек. Бүгүн ушул аракеттерди кылуу үчүн чоң аракеттерди кылып жатабыз», — деди министр.

Яндекс.Метрика