Бала бакчанын тарбиячысын белгисиз эркек киши сабаган видео талкууга алынып жатат
Социалдык тармактарда эркек киши менен аялдын мушташкан видеосу тарап жатат. Маалыматка ылайык окуя Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы бала бакчада болгон.

Жергиликтүү тургундардын айтымында видеодогу аял Ак-Дөбө айылындагы бала бакчанын директору Темирбекова Гүлкайыр карантин учурунда бала бакча жабылгандан кийин көп өтпөй башка балдарды бала бакчага алып акча кылган. Республика боюнча бала бакчалар ачылып баштаганда мурдагы балдар кайра келгенде аларды кабыл албай койгон. Нааразы болгон ата-энелер чогулуп бала бакчага барышканда жогорудагыдай көрүнүш орун алган.