Балбак Түлөбаев мэрликтен кетти. Анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалды
Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты мэриядан тастыкташты.

Алардын айтымында, муниципалитеттин жаңы башчысынын милдетин аткаруучу командага эртең, 9-февралда тааныштырылат.
Буга чейин борбордун мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынган. Маалымат булактары билдиргендей, ага президенттин иштери боюнча менеджерлик кызмат сунушталган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын октябрь айында Эрмек Нургазиев «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Ал алдамчылык жана кол салган деп айыпталган. 2019-жылдын сентябрь айында ал бир аялды муштаган.
Жаңы шайланган мэр Эрмек Нургазиев аялды бетке чапкан видео: