Жаңылыктар Саясат

Балбак Түлөбаев шаардын мэри боло турган болду

Көптөн бери талашка түшүп жаткан Бишкек шаарынын башчылыгына дагы бир кандидат чыкты. Ал өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев. Ал бир күн мурда эле губернаторлук кызматын таштап президенттик аппаратка келет деген маалымат тараган.

Акыркы күндөрү күн сайын бир адам өзүн мэрликке көрсөтүп жатат. Балбак Түлөбаев тууралуу маалыматты азыркы мэрдин милдетин аткарып жаткан Нариман Түлеев өз баракчасына мындай деп жазды:

«Достор азыр эле жаңы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен сүйлөштүм. Азыркы учурга ал Бишкек шаары үчүн жакшы вариант. Ал жумушту кандай алып кетет көрө жатарбыз. Мен эми ток көңүлүм менен кызматтан кете алам, дүйшөмбү күнү шаарда болом жана отставкага кетем.

Буга чейин мага жакшы дем берип келгениңиздер үчүн ыраазымын, буйруса «Ак бата» партиясы менен шаардык кеңешти шайлоого катышам, андан ары Жогорку Кеңешке да катышуум ыктымал. Эгер биздин партия жеңип чыкса анда чындап элдик мэр болуп кайтып келишим мүмкүн. Четте турбай шайлоо процесстерине активдүү катышып бериңиздер. Шаардын өнүгүшү сиздердин гана колуңуздарда.»

Яндекс.Метрика