Балдар ойногон килемге буттары менен кирип барган атка минерлер сынга кабылышты
3-мартта Чүй облусунун Москва районунда жаңы бала бакча ачылган. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Төлөк айылында пайда болду. Имарат 2 кабаттуу болуп, 80 орунга чакталды. Объекти мындан 45 жыл мурда тургузулган. Оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 5 миллион сом багытталды.
Бирок анын ачылышына барган атка минерлер балдар ойногон килемге буттары менен кирип барышкан.
Социалдык тармактарда бала бакчанын ачылышында балдар оонап ойногон жерге бут кийими менен чыгып алган кызматкерлердин сүрөтү талкууланууда.
«Бул жерде төшөлгөн килемченин үстүндө биздин балдар оонап, тоголонуп ойношот. Көчөдө вирус болуп жатса, булар бала бакчанын ичин бут кийимдери менен тебелеп жүрөт», — деп жазган социалдык тармактын колдонуучусу.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул көрүнүштү терс кабыл алып түрлүү сындарды жазышууда.