Видео Жаңылыктар

Балдарды тиштеген ит кармалды. Иттин ээси качып кетти

Бишкекте ит окуучу бала менен аялды тиштегилеп жаткан видео социалдык тармакка тараган. Бул боюнча Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди:

«Бишкек ШИИББине 1-апрель күнү саат 18:51 чамасында 102 кызматына Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде ит окуучу баланы тиштеп алганы боюнча маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү Свердлов РИИБине шаар тургуну саат 19:00 чамасында жолдон баласын ит тиштеп алганын айтып, арыз жазып кайрылган. Анда ал баланы «Тез жардам» кызматы менен №3 балдар ооруканасына алып кеткенин айткан. Жабырлануучу 2009-жылы туулган окуучу. Учурда териштирүү иштери жүрүп, иттин ээси изделүүдө».

Аңгыча социалдык тармактарда ит ээсинен бошонуп кетип, аны башка адам кармап алган видео пайда болду. Окуяны күбө айтып берди.

Видео:

Яндекс.Метрика