Жаңылыктар

Балдарынын фамилиясын өзүнүн атына өзгөрткөн эне соттолууда

Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти активист жана феминист Алтын Капаловага каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактарга билдирди.

Анын айтымында, сот ишине анын балдарына фамилиясын эмес, энесинин атын (матроним) берип, фамилиясын өзгөрткөнү себеп болгон.

Биринчи сот отуруму эртең, 25-февралда Свердлов райондук сотунда болот.

“Мамлекет эл аралык келишимдердин гендердик теңчилик жана аялдарга карата басмырлоонун бардык түрүнө каршы күрөшүү эрежелерин сакташы керек. Мыйзамда энелер аталардыкындай эле укуктарга ээ, балдар менден сотко кайрылгандын ордуна, эки, үч фамилия же апамдын фамилияларын алышы мүмкүн деп жазылышы керек. Мен мыйзамды бузган жокмун, патриархалдык негиздерди буздум. Мени мамлекет тарабынан куугунтуктоону токтотууну суранам», — деп жазган ал.

Алтын Капалова балдарынын фамилисын (отчество) өзүнүн атына өзгөрткөн.

Яндекс.Метрика