Жаңылыктар

«Барометр» президенттик шайлоо боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады

“Борборазиялык барометр” уюму Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоо жана референдум боюнча эл арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын 21-декабрда жарыялады.

Жарыяланган маалыматка караганда сурамжылоого катышкандардын 58% быйыл 5-октябрдагы бийлик алмашууну толук колдой турганын, 73% келерки жылдын 10-январындагы шайлоого барарын билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандар, эгер, президенттик шайлоо бүгүн өтсө 64% Садыр Жапаровго, 3% Адахан Мадумаровго, 1% Бактыбек Калмаматовго добуш берерин билдирип, 17% кимди тандоону билбей жатканын айтышкан. Пикирин билдиргиси келбегендер 8%, баарына каршылар 4%, башка себептерди айткандар 3% болгон.

Сурамжылоо телефон чалуу жолу менен 9-17-декабрда жүргүзүлгөнү, ага 18 жаштан жогору курактагы 1 миң респондент катышканы айтылды. “Борборазиялык барометр” өзүн коомдук пикирди сурамжылоо жүргүзүү боюнча 2017-жылы түзүлгөн аймактык, көз каранды эмес, коммерциялык эмес уюм деп атайт.

One thought on “«Барометр» президенттик шайлоо боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады
  1. Надёжда народа будте снисходительны дорогие будущие президенты: Вы создайте рабочие места а то утечка мозгов произходит несколько лет…

Comments are closed.

Яндекс.Метрика