Жаңылыктар

Барскоондо 17 жаштагы өспүрүм тоодон кулап каза болду

19-июль күнү, Жети-Өгүз РИИБне «112» кызматынын диспетчеринен билдирүү түшүп, анда 19-июль күнү болжол менен саат 18.00 чамаларында Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, 2007-жылы төрөлгөн А.Ж. козу карын тергени Барскоон шаркыратмасынын аймагына кетип, дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

Аталган кабар боюнча, өспүрүмдүү издөө иштерине райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган болучу. Издөө иштеринин жүрүшүндө, өспүрүмдүн жансыз денеси Баркоон-Кумтөр жолунун үчүнчү көпүрөсүнүн жанындагы тоонун аймагында табылган.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, өспүрүмдүн каза болгон себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу, милициянын 10 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Издөө иштери саат 03:15ке чейин жүргүзүлгөн. Кийинчерээк өспүрүмдүн жансыз денеси 20-июль күнү саат 05:20да туугандары тарабынан табылган.

Яндекс.Метрика