Баш мыйзамдын башында турган Бектур Зулпиев деген ким?
Октябрда бийлик алмашкандан бери саясий айдыңда аты эң көп чыккандардын бири — Бектур Зулпиев болду. Анын ысымы Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу да аталууда. “Курманбек Бакиевдин юристи” катары белгилүү болгон Бектур Зулпиев ким?

Бектур Зулпиев 6-октябрдан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалганы жарандык коом «Баш мыйзамдын өзгөрүшү өлкөнү диктатурага алып келет» деп дүрбөлөң түшкөндөн кийин белгилүү болду.
Бектур Зулпиев 1965-жылы Ош шаарында туулган. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, 3-курстан соң Москва мамлекеттик университетине которулган. Ал мамлекеттик кызматка 1997-жылы келип, Борбордук шайлоо комиссиясынын укуктук бөлүмүн башкарган.
2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 2007-жылдагы конституциялык реформага активдүү катышып, ал учурда оппозициянын бир нече жолку реформаны талап кылган митингдерине карабай, Бакиевдин супер-президенттик бийлигин бекемдеген Баш мыйзам кабыл алынган эле. Мындан улам аны саясий чөйрөдө “Бакиевдин юристи” деген сөздөр чыккан.
Зулпиев 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин эмне менен алектенгени тууралуу маалымат жок.