Жаңылыктар

«Башка жумуш издейм». Батыштын чектөөлөрү Атай Өмүрзаковго таасир этти

Бир канча мамлекетте кыргыз желегин желбиретип келинген белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков Орусияга батыш тарабынан коюлуп жаткан санкциялар анын командасына кесепети тийгенин билдирди.

«Бүгүн алар Даниядан чалып, келишимибиз бузулганын айтышты. Пандемиядан улам 2 жыл иштебей калдык эле, эми минтип бир нече жылга толугу менен тыюу салынды. Башка жумуш издейин деп жатам, мага жана окуучуларыма артисттик кесип аягына чыкты. «Сиздердин өлкө агрессорду колдоду. Биз сиздер менен кызматташа албайбыз», — деп түшүндүрүштү бизге. Бул статус үчүн рахмат»-деп жазган Өмүрзаков.

Яндекс.Метрика