Жаңылыктар

Башкы прокуратура Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга ЖКдан өтүндү

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду («Бүтүн Кыргызстан») кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү өтүндү.

Башкы прокуратуранын сунушу 10-февралда эртең менен келип түшкөн. Кандай иш боюнча экенин Жогорку Кеңеш азырынча жарыялай элек. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Медербек Алиев («Ишеним») бул маселени комитеттин кароосуна алып чыгуу үчүн парламенттин жыйынында 15 мүнөттүк танапис берүүнү суранды.

ЖКнын жыйынына депутат Адахан Мадумаров 14-17-жана 18-январда Башкы прокуратурага тергөө иш-чарасына чакырылган. Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча көрсөтмө бергени айтылган.

Эске салсак, 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда тажик тарап менен эки мамлекеттин Коопсуздук кеңеш катчыларынын жетекчилиги астында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жумушчу жолугушуусунун протоколуна кол койгон.

Документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстандан 5 гектар, узундугу 275 метр болгон жер тилкесин 49 жылга ижарага алган. Протокол Худжанддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган. Чиновниктер демаркация жана делимитация аяктаганга чейин мамлекеттик чек ара сызыгында экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюунун ички жол-жоболорун шайкеш келтиришкен.

Бул 5 гектарды Тажикстан дагы деле өзүнүн жери деп эсептейт. Кыргызстан бул жерди чек арадагы эсепке алынбаган тилкеси деп эсептейт. Тергөө Адахан Мадумаровдун мындай протоколго кол коюуга укугу жок деп эсептейт.

Яндекс.Метрика