Жаңылыктар

Башына максымды куюп жиберген. Шоро саткан аял менен кардар мушташып кетишти

Бишкекте «Artezian» компаниясынын улуттук суусундуктарынын сатуучусу менен кардардын ортосунда мушташ чыкты. Айнура Намазова аттуу кардар өзүнүн вариантын «Кара тизме» тобуна жазган.

Анын айтымында, окуя 21-майда Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Ал небереси үчүн бир кичинекей стакан шоро сураган, бирок сатуучу аял экөөнү сунган. Аял баш тарткан, бирок сатуучу аял эки стакан сурагандыгын айтып, экинчисин сатып алуусун талап кылган.

«Мен эки стакан куй деп айткан эмесмин, анткени муздак иче албайм деп жооп бердим, анткени медициналык процедурадан кийин муздак иче албайт болчум. Андан кийин ал мени дүлөй деп, орой мамиле кыла баштады.

Андан кийин анын аты жөнүн жана телефон номерин талап кылдым. Ал болсо «атаңдын башы. Колуңан эмне келет.» деди.

Неберем суусундукту ичти, мен бош стаканды урнага ыргыткым келди, бирок урна жок экен. Анан стаканды бочканын үстүнө таштап кетип баратсам бир маалда башымдын арт жагында суусундук чачырап кеткенин сездим, ал мага бир стакан максымды куюп жибериптир.

Ачууланып, жемпиримди алып, бочкага силкип жибердим, ошондо ал менин чачымдан кармап сүйрөй баштады. Менин футболкамды тартып, чийип, айрып жиберди. Андан кийин кандай сезимде болдум, сөз менен айтып жеткире албайм!» — деп ачууланган кардар.

«Artezian» компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Чоробек Исаев Kaktus.media редакциясына Намазованын сөздөрүн төгүндөдү.

«Биздин сатуучу аял кол салууларды аял баштаган деп айткан. Анын айтымында, ал бул аялдын начар маанайда жүргөнүн алыстан көргөн, жана ал небересин урушуп келаткан. Ал сатуучу аялга барып,

кичинекей стакан суусундук жана 1 бош стакан сураган. Бирок сатуучу аял чындыгында эле жакшы укпай калган жана эки стакан суусундукту куюп жиберген, маселени тынчтык жолу менен чечүүнүн ордуна, кардар аны басынтып, агрессия баштаган, алардын ортосунда мушташ болгон.

Биринчи кардар колун көтөргөн. Башка сатуучулар дагы тастыкташты. Алар аялдарды бөлүштүрүп коюшкан, Намазова кетип бара жатканда биздин кызматкер стаканды аркасына ыргытып жиберген. Ушул учурда аял сүрөткө тартып, социалдык тармакка жарыялаган.

Окуяны угуп, мен дароо компаниянын атынан кардардан кечирим сурадым, биздин кызматкер дагы кечирим сурады. Кызматкер болсо жумушунан убактылуу четтетилген», — деди Исаев.

Яндекс.Метрика