Жаңылыктар

Баткенде чек арадан тажиктер өтүп келип чыр чыгарышты

Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундарына тажик тараптан белгисиз адамдар кирип келишкен.

Кыргызстандыктар Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанында оңдоо иштерин башташкан үчүн болжол менен 30 адамдан турган Тажикстандын өкүлдөрү келип, жүргүзүлүп жаткан иштердин уланышына тоскоол болушту.

Коңшу өлкөнүн өкүлдөрүнүн айтымында, «бул иш биргеликте жүргүзүлүшү керек».

Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Яндекс.Метрика