Жаңылыктар

Баткенде дайынсыз жоголгон 22 жаштагы келин табылды

Баткенде дайынсыз жоголгон Закир кызы Айхан табылды. Бул тууралуу 14-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кызды 13-апрель күнү кечинде Баткен шаарынан табышкан. Кыз жакшы, аны ата-энесине өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы жоготуу фактысын текшерүүнү улантууда.

Буга чейин 12-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылынын тургуну, 1999-жылы туулган Закир кызы Айхан күйөөсү менен жашаган үйүнөн чыгып кетип үйүнө кайтып келбегени кабарланган.

Яндекс.Метрика