Жаңылыктар

Баткенде Садыр Жапаровду көрүүгө миңдеген адамдар келди

Премьер-министр Садыр Жапаров Баткенге иш сапары менен барды. Ал Баткен шаарындагы стадиондо эл менен жолугушуу өткөрүп жатат. Баткен шаарындагы эки миң орундуу стадион элге жыш толду.

Садыр Жапаров элдин суроолоруна жооп берди. 5-октябрдагы башаламандыкта каза болгон Үмүтбекти эскеришип, ал үчүн жооптуулар жаза аларын билдирди. Ошол кездеги ИИМ менен УКМКнын башчылары изделип жатканын айтты.

Чогулган эл Жапаровго суроо берүүдө талаш жаралды, аны менен жолугуп сүйлөшүүнү каалагандар дагы көп болду. Мындан тышкары Жапаров чек ара кызмтын УКМКга өткөрөрүн айтты.

Яндекс.Метрика