Кызыктуу

Баткенде жергиликтүү эл Улан Үсөйүнгө кол салууга аракет кылышты

Баткен облусуна барган активист Улан Үсөйүнгө жана анын командасына жергиликтүү тургундар тарабынан коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу ал төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

«Баткенде топтолгон адамдар кол салуу аракетин кылышты. Азыр милицияны күтүп жатабыз.» — деп жазган активист.

Бет капчан адамдар аларга облустан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Бул боюнча «Баштан башта» кыймылы чукул билдирүү таратты:

«Бет капчан кишилер кысым көрсөтүүнү улантууда. Унаанын айланасында чогулган адамдар эмне себептен облустан чыгып кетүү боюнча мыйзамсыз талаптарды койгону белгисиз.» — деп жазылат билдирүүдө.

Активист Улан Үсөйүн акыркы жылдары бийликке карата курч ойлорун айтып келет. Ал Жээнбековдун бийлигине жана азыркы бийликтин мыйзамдуулгуна карата бир нече митингдерди өткөргөн.

Видео:

Яндекс.Метрика