Жаңылыктар

Баткендеги үйдө окутуп жаткан мугалимге ноутбук берилет

Бүгүн, 8-сентябрь күнү интернетте «Баткенде мугалим онлайн сабак өтө албай окуучуларды үйүнө чакырып окутуп жатат» деген сүрөт тараган эле. Көп узабай бул боюнча Билим берүү министрилгинен билдирүү таратышты.

Баткен райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жарыяланган окуучулардын үй шартында билим алып жаткан сүрөтү райондун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими тарабынан тартылган.

Окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда ата-энелер тарабынан  түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкандыктан,  мугалим 2-сентябрь күнү окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Сабак убагында мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин маска менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган жана андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалайт.

Бирок бүгүнкү шартта, пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду. 

Яндекс.Метрика