Кызыктуу

Баткендиктер Самара Каримованын концертине тамак ичип-жеш үчүн барганбы?

Баткен облусундагы мамлекеттик театрдын ичи концерттен кийин желим баштык, бөтөлкөлөргө толуп калды. Бул тууралуу Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрдын жетекчиси Курманбек Ниязбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөр менен бөлүштү. Анда ал 7-март күнү концертке келген шаар тургундары театрды ушундай абалда калтырып кетишкен.

«Айланайын, баткендик бурадарлар, бул эмне кылганыңар? Биз силерге кандай жамандык жасадык, эмнеге мындай мамиле жасап жатасыңар? Баткен театрында дээрлик бардык маданий иш-чаралар өтүп келет. Баткен шаарында жападан жалгыз көзгө басар маданий ордо дал ушул театр. Аталган театрда биздин иштегенибиз эле болбосо бул театр элдики, түз айтканда, сиздердики, жалпак тил менен айтканда, баткендиктердики.

Баарыбыз аяр мамиле жасап, таза, тыкан кармасак өзүбүздүн эле абийир го. Ар бир спектакль же концерт болгондо ушинтип жеп, ичкен нерселерди алып киргиле, ойдогудай эс алгыла. Бирок отурган жериңерге таштап кетүү одоно орой мамиле эмеспи?! Өзүңүздөрдүн маданият үйүңүздөргө өгөйдөй мамиле жасоо туурабы? Же өз үйүңөрдө да ушинтип отурасыңарбы?

Ала келген ошол нерселерди кайра баштыкка салып сыртта турган урнага таштап коюу ошончолук оорбу? Эми мындай көрүнүш качанкыга чейин уланат билбейм. Өтүнүч, маданий ордоңуздарга анчейин орой болбоңуздар?», — деп жазган.

Маалыматка ылайык 7-мартта Самара Каримова Баткенде өзүнүн жеке концертин берген.

One thought on “Баткендиктер Самара Каримованын концертине тамак ичип-жеш үчүн барганбы?
  1. Андан Көрө Самара Балыкчы жергесине концерт коюп келсе ,биз абдан сыйлап жада калса коноктоп узатат элек го.

Comments are closed.

Яндекс.Метрика