Жаңылыктар

Бейшеналиев: «Балдарым менен ант берем, эмдөө алганым чын»

29-мартта Kыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө башталган. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө алганын түз эфирде көргөнбүз. Ошол замат министрдин эмдөө алганына ишенбеген интернет колдонуучулары жазып чыгышкан.

«Мен негизи кесибим боюнча хирургмун. Эмдөө алганымдын жалган эмес экенин балдарым менен, нан кармап ант ичем. Эмдөө алганда мен эч нерсе болгон эмесмин. Маалымат каражаттарына көрсөтөм, антитело нөл болчу. Мен эч кимди алдаган да эмесмин, маалымат каражат өкүлдөрүнөн качкан да эмесмин. Эмне болсо, ошону айтып келе жатам.

Эгер корксом же качсам, иш сапардамын деп эле орун басарларымды жөнөтүп коймокмун. Ал эле эмес менин орун басарларым баш болуп 30 медицина кызматкери эмдөө алды. Интернет колдонуучулары ар нерсени жаза берет. Мен эмдөө алып жатканда бардык журналисттер чагылдырып, элге түз көрсөтүлүп жатты», — деди Бейшеналиев.

Яндекс.Метрика