Жаңылыктар

Бейшеналиев: «Тажиктер барымтага алган кыргыздарды сабашкан»

Кечээ Тажикстан барымтага алган 10 кишинин тогузу Исфана ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Аалымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Сыягы, аларды таяк менен сабашкан, анткени алардын денелеринде көгөргөн жерлер көп. Көрсө, аларды түнү бою шакабалашкан. Бейтаптардын абалы орто оор деп бааланууда», — деди министр.

Ошондой эле Аалымкадыр Бейшеналиев Лейлек районунун медициналык мекемелеринде жабыркагандарды дарылоо үчүн зарыл болгон кан, дары-дармектер жана башка нерселер жетиштүү экендигин баса белгиледи.

Буга чейин Тажикстан Лейлек районунун Интернационал айылынын 30-апрелде барымтага алынган 10 тургунун бошоткону маалымдалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айыл башчысы Мырзабек Жумабаев жана дагы тогуз жергиликтүү тургун бошотулган. Чек ара жаңжалы 28-апрелде чыгып, 3 күндөн кийин токтогон.

Яндекс.Метрика