Жаңылыктар

Бейтаптарды жөнөткөн үчүн ооруканаларга акча берип турган. УКМК лабораториядагы коррупцияны аныктады

Жеке медициналык лабораториянын ишмердигинде коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы 6-апрелде билдирди.

Буга чейин атайын кызматка калкка лабораториялык изилдөө кызматын көрсөткөн «Е» жеке медициналык лабораториясынын мыйзамсыз иштери тууралуу маалымат түшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, бул компания саламаттык сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу үчүн артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында системалуу түрдө медициналык мекемелердин жетекчилерине лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча берип турган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында ишканалардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер, анын ичинде «кош» бухгалтердик эсепке алуу, «мыйзамсыз маркетинг ыкмаларын колдонууну жана атаандаштыкка көмөктөшүүнү ырастаган фактылар алынган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салык төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрөт, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келет», — деп белгиледи УКМК.

Муну менен ишкананын жетекчиси Я. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштеринин алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасы аныкталууда.

Маалымат булактары сөз «Евролаб» лабораториясы тууралуу болуп жатканын айтышты. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси Ярахмедов Сохраб Агалар Оглу көрсөтүлгөн.

Яндекс.Метрика