Дүйнөдө Жаңылыктар

Бекешев: «Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтпөө керек»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык күчтөрүн Казакстанга киргизүү туура эмес деп эсептейт. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«2010-жылы июнь айында биздин Убактылуу өкмөт ЖККУнун аскерлерин Кыргызстандын аймагына алып келүү өтүнүчү менен кайрылган. Ошондо Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасы акылдуулук менен баш тартып, алардын чечими туура болгонун тарых тастыктады. Казак бийликтери азыр ЖККУдан тартипти орнотууга жардам берүүнү суранып жатышат.

Бул бийликтин ички саясий көйгөйлөрүн өзү чече албай жатканын көрсөтүп турат. Биздин өлкөгө бул нерсенин кереги жок деп ойлойм. Мына ушундай логикага ылайык, ЖККУ өлкөбүздөгү ички саясий окуяларга бир нече жолу кийлигишүүгө аргасыз болгон. Мен ЖККУнун Уставын жана келишимин окуп чыгып, ЖККУ сырттан куралдуу күчтөрдүн чабуулун болтурбоо же өлкөнүн ичинде террордук актыларды болтурбоо үчүн түзүлгөн деген бүтүмгө келдим.»-деп жазган Бекешев.

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси караганы жатат. Кыргызстандын интернет айдыңында Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болгондор арбын экени байкалууда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия» деп атап, аларды «чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор» уюштуруп жатканын билдирген.

Яндекс.Метрика