Жаңылыктар

Беткапчан адамдар алып кетип сабашкан. Тажиктер алып кеткен окуянын чоо-жайы

Тажикстан менен чектеш жерде жоголгон балдар табылып, өлкөгө алынып келинди. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-апрелинде Лейлек районунун Бешкент айылынын 2 тургунун Тажикстандын жоокерлери алып кетишкени айтылган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге ыкчам издөө тобу келип, чатырдагы төшөктөн 2 даана кара түстөгү Samsung уюлдук телефонун, кире бериште тапочкалар, ошондой эле канга окшогон тактарды табышкан.

Протоколдор түзүлүп, соттук-биологиялык экспертиза дайындалды. Жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

2021-жылдын 24-апрелинде, саат 15:13тө Кулунду чек ара тозотунда дайынсыз болуп жаткан К. Каныбек уулу менен Д. Ашраповду тажик чек арачылары кыргыз тарапка өткөрүп беришти. Алар менен бирге Бешкент жана Жаңы-Жер айыл аймактарынын тургундары 1971-жылы туулган Д.З.И., 1973-жылы туулган Д.О.М., 2003-жылы туулган Д.Л.Л., 1966-жылы туулган С.В.О., 1968-жылы туулган Т.А.А. кошо алынып келинип, аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Сырткы экспертизада денелеринде көгөргөн тактар табылган. Жигиттер курулушка келип, курулуш материалдарын кайтаруу үчүн келишкенин айтышты. Алар уктап жатып, түнкү саат 01:30 чамасында беткап кийген 5 адам аларга кол салып, сабап, алып кетишкен.

Алардын айтымында, андан кийин курулуш жүрүп жаткан жерден 90 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан дамбанын жанындагы имаратка алып барып дагы сабашкан.

Ал жерден аларды унаага отургузуп, Тажикстандын Гафуров аймагындагы аскер бөлүгүнө алып барышкан. Алар куруп жаткан жер тажик тарапка таандык экендигин айтып, андан кийин гана чек ара заставасында аларды Кыргызстандын чек арачыларына өткөрүп беришкен.

Яндекс.Метрика