Видео Кызыктуу

Бир ай мурда Садыр Жапаровго чек ара боюнча кайрылуу жасаган балага эч ким көңүл бурган эмес

20-мартта Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кичинекей бала Адил Тажикстан менен чек арадагы көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган. Бул видео кайрылуу социалдык тармакка жарыяланган эле.

Тилекке каршы, анда баланын жан дүйнөсүнүн ыйына көңүл бурган окурмандар аз болду.
Видеодо бала Тажикстан менен чектеш жерде жашоодон канчалык коркконун айтып, коңшу өлкөнүн аймагы буга чейин анын үйүнө канчалык жакын болгонун көрсөткөн.


«Урматтуу Садыр Жапаров! Менин атым Адил. Мен Баткенде, Көк-Таш айылында жашайм. Былтыр биздин үй өрттөлүп кеткен. Бул жерде жашагандан корком, чек ара маселесин чечип бериңиздер», — деген ал өзүнүн видеосунда.

Видео:

Яндекс.Метрика