Жаңылыктар

Бир күндө 100 адам ооруду, кайра карантин!

16-июнга карата дагы 100 адам коронавирусту жуктуруп алышты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирүү таратты. Жалпы саны 2472 адамды түздү.

Бишкек – 57
Чүй облусу – 11
Ош шаары – 11
Ош облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 9
Талас облусу – 3

15-июнь күнү Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев шаардыктарга эскертүү берген. Айтсак жаман көрөсүңөр, ишенбейсиңер, көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да, чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине катуу эскертүү. Бет кап кийип аралыкты сактагыла. Укпасаңар, ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз». Деп жазган.

Булардан улам Бишкек шаары кайрадан карантинге жабылаарына аз калды көрүнөт.

Яндекс.Метрика