Бир суткада 6 адам каза болуп, 345 жаңы учур катталды
Абал курчугандан курчуп баратат. Кыргызстан боюнча 29-апрелге карата 345 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек — 224;
Ош — 5;
Чүй облусу – 77;
Ош облусу — 9;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 9;
Ысык-Көл облусу – 18;
Баткен облусу — 1.
Жалпы 94 миң 944 адам коронавирус жуктуруп алган.
Өткөн суткада 265 адам илдеттен сакайып чыкты.
Өлкөдө дагы 6 адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек – 6.
Жалпы 1 миң 598 адам коронавирустан каза болгон.