Окуялар

Биринчи балам түрктөн экенин күйөөм билбейт. Ал чоңойгон сайын ага окшошуп…

Саламатсыздарбы чыгарып бере аласыздарбы кеңеш сурайын деген болчумун. Анда сөз башынан болсун мен күйөөм менен 17 жашымда танышкам, экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз азырда мамилебиз жакшы. Экөөбүз кыз жигит болуп жүргөндө эле жакын мамиледе болуп жүргөнбүз, мен 20га чыкканда үйгө аябай көбү келишти колумду сурап, жигитим үйлөнүшкө шарты жок эле.

Ошого мен Москвага барып 1 жыл жүрүп келейин десем макул болду ошентип Москвага бардым 1 жыл иштеп жүрдүм. Ал жакта курбуларым көп болчу. Кыргызстанга кайтыштан бир күн алдын кыздар менен клубка барып ойноп күлүп ал жакта балдар менен таанышып калдык. Алардын арасында бир жигит бар экен түрк бирок Кыргызстандык. Кыргызча сүйлөйт, клубтан чыккандан кийин мени жеткирип койсом болобу деп машинасы менен жеткирип коймой болду. Үйдүн жанына келгенден кийин кантип ал менен жатып койгонумду өзүмда билбей калдым. Ошентип эртеси күнү мен Кыргызстанга келдим. Келгендин эртеси күнү жигитим менен жолугуп сүйлөштүк, жакын мамиледе да болдук.

1 айдан кийин тоюбуз болду, тойдон кийин 1 айдан кийин боюмда бар экенин 2 айлык болуп калганын билдик. Күйөөм аябай сүйүндү, ошентип убакыт саатым келип төрөдүм. Бирок төрөлүшү менен дароо билдим күйөөмдөн эмес экенин. Балам башкача бала, ашыкча эле сулуу, 1.5 жылдан кийин кыз төрөдүм, кызым күйөөмө окшош балам окшобойт. Балам ошол түрк баладан болгон экенин түшүндүм. Эми эмне кылам балам барган сайын чоңойуп жатат. Көчөдө көргөндөр эле ии бул башкача бала го дейт. Бирок күйөөм эч шек санабайт. Акыры бир күнү билип калышаарын жүрөгүм сезет. Эмне кылсам, жолдошума баарын ачык айтсамбы? Же билбей калабы? Чоңойгондо тиги түрк балага эле окшош болуп калсачы? Башым катып жаткан учуру. Кенеш бериңиздерчи. Аноним

Яндекс.Метрика