Жаңылыктар

Бишкек таңга жуук тынчыды

Бишкекте түнү менен белгисизадамдардын тобу шаар аралап жүрүштү. Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү алардын кадамын көзөмөлдөп талап-тоноого жол беришкен жок.

Маалыматка караганда, түндө талоончулук болот деген коркунучтар болгон. Ыктыярдуу элдик кошуун белгисиз адамдар тобу жүргөн көчөлөрдөгү кафе, соода борборлорун курчап, аларга кимдир бирөөнүн киришине жол берген эмес.

7-октябрда таңга маал абал турукташты. Ал эми Ала-Тоо аянтында тарабай турган митингчилер түндө үч жерге от жагып, жылынып жатканы тартылган видео-сүрөттөр тарады.

Учурда коомдук транспорт иштеп жатат. 6-октябрда ири соода борборлордун көбү иштеген жок. Бүгүн ачылабы же жокпу азырынча белгисиз.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Коррупцияга айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан.

Яндекс.Метрика