Бишкекте 14 жаштагы кызды мажбурлап чет элдиктерге сатып жүрүшкөн
Бишкекте жашы жете элек кызды мажбурлап сойкулук кылдырышкан. Бирок милиция бул ишти иликтебей жатат. Бул тууралуу «Оазис Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева билдирди. Анын айтымында, 14 жаштагы кыздын апасы фондго кайрылган.
Мээрим Осмоналиева төмөнкүдөй билдирүү калтырган:
«Бизге веб-камера бизнесине, коммерциялык секс индустриясына алдоо жолу менен жалданган 14 жаштагы жашы жете элек кыздын апасы ыйлап келди.
Апасынын айтымында.
Кызга героин жана башка баңгизаттарды күч менен сайып, ар кандай эркектерге, чет элдиктерге өткөрүп беришкен. Дээрлик жарым жыл бою аны чоң кишилер маал-маалы менен зордуктап, колдон колго өтүп жүргөн. Бул мезгилде кыз ар кандай венерикалык ооруларга чалдыккан, тиштери талкаланып, ар кандай сауналарда, батирлерде, кулчулукта кармалып турган.

Ал эркектерге эле берилип тим болбостон, кылмышкерлер анын катышуусунда видеотасмаларды тартып, эл аралык порносайттарга видеолорду сатышкан.
Апасы 2022-жылдын июнь айында Биринчи Май РИИБге, сентябрда Октябрь РИИБине кайрылган, сурак учурунда кыз салондордун бардык даректерин көрсөтүп, кылмышкерлердин аты-жөнүн айтып, бардык даректерди жана далилдерди көрсөткөн. Соттук-медициналык экспертиза системалуу түрдө зордукталган деген корутунду чыгарган. Анын маал-маалы менен зордукталганын апасы жеке клиника аркылуу билген.
Тергөөчүлөр ушул күнгө чейин аялдын чалууларына жооп бербей, эч кандай чара көрүшпөй келет. Кылмыш иши алигиче ачыла элек. Ошол эле учурда эне менен кызды коркутуп-үркүтүүлөр болот. Жабыркаган кыз бул кылмышкерлер башка жашы жете элек кыздарды да кармашканын айткан. Милиция билет, бирок баардык далилдер болсо да жарым жылдан бери реакция кылбайт.
Бул кылмышкерлер ушул күнгө чейин жашы жете элек кыздарды чет элдик кардарларга 100-200 миң сомдон сатып, өз катарына тартууну улантышууда. Ыйлагым келет… анткени бала азыр кандай венерикалык оорулар менен ооруп жатканын көрдүм. Ал азыр баңгизатка көз каранды. Апа менен кызды аяйм.
Тергөөчүлөр сурактарды социалдык кызматкердин, адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн, психологдун катышуусуз өткөрүшкөн…
P.S. Эмне үчүн бул дагы эле уланууда? Эмне үчүн веб-кам студияларынын ээлери тергөөчүлөргө пара беришет? Чын эле кайрадан аянтка чыгып, адилеттикти талап кылуунун зарылчылыгы барбы?» — деп жазган укук коргоочу.