Бишкекте 35 жаштагы тургун дааратканага түшүп кетти
Бишкекте 35 жаштагы адам көчөдөгү дааратканага түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
10-декабрь күнү саат 12.30 чамасында Ленин районунун Аэродромный тилкесиндеги жеке үйлөрдүн биринин дааратканасына 1985-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жабырлануучуну ажатканадан чыгарышты. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.