Жаңылыктар

Бишкекте Арабиядан келген туристтин балдары ажаткана жууп кор болушкан

Бириккен Араб Эмирликтен Бишкекке келген туристтин балдары жергиликтүү кафеде ыңгайсыз окуяга туш болушкан. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Жоодар Сайдилкан билдирди.

«Бул постту кыргызча жазганымдын себеби, көбүнчө биздин жергиликтүү жарандарга арналат, буга окшогон окуялар кайталанбасын деген максат. Туризм бул, өлкөлөргө тез жана таза киреше алып келген тармактардын башында, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк. Бактылуу кардар, ыраазы турист бул туризмдин негизги максаты, бир ыраазы турист дагы 10 турист алып келет, бир нааразы турист болсо 100 туристтин баш тартышына себеп болот.

Бүгүн түңкү 12де, азыр Европада отпускада жүргөн Арап Эмирликтердин Нурсултан шаарындагы элчиси(Кыргызстанга да карайт) бир өтүнүч менен чалып калды, көрсө Абу Дабиден келген бир турист үй-бүлөнүн башына иш түшүп, аларды Биринчи Май РОВДсына алып кетишиптир, БАЭнин бул жакта элчилиги болбогондуктан жана убакыт кеч болгондуктан элчи мага чалып кабар алып койуумду өтүндү.

Коноктордун айтуусунда Панфилов Паркындагы Веранда кафесине бул үй бүлөөнүн 7 баласы суусундук ичкени кириптир, 7 жаштагы баланын көңүлү айланып, кафенин туалеттинде кусуп жибериптир, кафенин кызматкерлери уюшуп алып турист балдардын улууларына туалетти өздөрүнө тазалатканы аз келгенсип, 11 жаштагы турист кыздардан бирөөнү жаакка, кайаш айтасың деп чаап жибериптир, балдардын атасы отельден учуп келсе, кафе кызматкерлери милиция чакырып счетту төлөбөй жатат деп бүт үй-бүлөнү РОВДга жүктөп кетиптир. Милиция кызматкерлери үй бүлөөнүн атасы төмөнкү счетту кафенин менеджерине төлөгөндөн кийин кафе кызматкерлерин коё берип, мен келгиче туристерди кармап олтуруптур.

Туристтердин ошончо кордук көргөнү аз келгенсип, эсептен да алданганын алар төлөгөн счетту үйгө келип карап олтуруп байкадым. Кафе жетекчилиги 1610 сом оордуна ручка менен тууралап 3610 сом алышыптыр.

Туризмдин таанытымы үчүн акча бөлбөгөнүбүз аз келгенсип, өзү келген туристке ушундай мамиле кылсак оңбойбуз. Бул окуяны жазганымдын себеби ушул сыяктуу окуялар кайталанбаш үчүн коом катары сабак алып, келген туристтерди ыраазы кылып кетирүүгө баарыбыз аракет кылуубуз зарыл.» — деп жазган Сайдилкан.

Яндекс.Метрика