Видео

Бишкекте аялын машинанын капотуна сүйрөп кеткен адамдын видеосу тарады

Бишкекте эркек киши аялын машинанын капотунда сүйрөп кетти. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин районунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Анын айтымында, окуя 15-октябрда болгон. Жабырлануучу эртеси күнү милицияга кайрылган. Анын айтымында, күйөөсү баланы күч менен алып, машинасына салып кетүүгө аракет кылган.

Ал күйөөсүн токтотууга аракет кылып, унаанын алдында турган, бирок күйөөсү анын сүздүрүп айдап, капотуна сүйрөп кеткен. Бул факты ЭПРПде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Видео:

Яндекс.Метрика