Саясат

Бишкекте добуштар кайра саналат. «Эмгек» партиясы дагы четтеши мүмкүн

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодон НДПК партиясынын четтетилгендигинен улам эми добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра эсептелиши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Мыйзамдын бузулушуна байланыштуу партия шайлоодон четтеп калган убакта, алардын добушу алынып салынып, андан кийин кайрадан жети пайыздык көрсөткүч эсептелет. Бир партия чыгып кетип, калган уткан партиялар бөлүшүп албайт. Мыйзамга ылайык ошондой. Борбордук шайлоо комиссиясынын жобосу да бар”.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтеттүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болгон.

Мындан тышкары «Эмгек» партиясына дагы арыздар көп түшкөнү айтылууда. Шайлоо күнү бул партия акчасын эсептебей чачканы тууралуу видео, фото болгон арыздарга азырынча эч ким үндөй элек. «Ак Батанын» лидери бул Нариман Түлеев дагы бул партияны шайлоодон четтетүү керектигин айтып чыкты. Жакын арада «Эмгек» партиясы Бишкек шаардык кеңешинен кол жуушу толук мүмкүн болуп турат.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети пайыздык чектен алты партия өткөн. Бул партияларга куйрук улаш “Реформа” партиясы 6,18 пайыз, “Социал-демократтар” партиясы 5,59 пайыз, “Ыйман Нуру” партиясы 4,67 пайыз добуш алып, шайлоо босогосунан өтпөй калган

Яндекс.Метрика