Элдик кошуун 2 күндөн бери Бишкекти талап тоноодон кайтарып жүрүшөт. Элдик кошуундун бүгүнкү жыйынында кечки алтыдан кийин спирт ичимдиктерин сатпоо чечимин кабыл алышты. Анткени акыркы 2 суткадан бери шаардын супермаркеттеринде спирт ичимдиктеринин сатылуусу өскөн.