Жаңылыктар

Бишкекте коомдук транспортко жол кире көтөрүлөт

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттун баасын 12 сомдон көп акчага көтөрүүнү пландоодо. Бул накталай жол киренин баасы автобус жана троллейбустар үчүн.

Эгер жүргүнчү атайын чыгарылган «тулпар» картасы менен төлөсө анда мурдагыдай 8 сом болот. Бул жүргүнчүлөрдү накталай эмес төлөмгө өткөрүү максатында жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрба Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жол менен калаа тургундарын электрондук карта колдонууга үйрөтүүгө болот.
Тандоо жүргүнчүлөрдүн өзүндө болот. Эгер карта менен төлөм жүргүзсө 8 сом, ал эми накталай төлөсө 12 сом же андан көп.

Яндекс.Метрика