Жаңылыктар

Бишкекте кыргызча ырдоого тыюу салган кафе кечирим сурады

21-октябрда интернетке тараган видеодо кафеде отурган жигит караокеде аткаруу үчүн кыргызча ыр суранган. «Империя пиццы» кафесинин администратору кыргызча ырдоо мүмкүн эмес экенин, бул компаниянын чечими экенин айткан. Коноктун «Бул үчүн компанияны сотко берсем болот»,- деген сөзүнө: «Маселе жок», — деп жооп берген. Окуя Бишкектин Аламүдүн-1 районундагы кафеде болгон.

22-октябрь күнү «Империя пиццы» компаниясы кафедеги караокеде кыргызча ырларга тыюу салган окуя үчүн кечирим сурады. Бул администратордун шалаакылгы экенин белгиледи.

https://www.instagram.com/p/CGokUXUp9Yp/?utm_source=ig_web_copy_link
Яндекс.Метрика