Жаңылыктар Кызыктуу

Бишкекте телефон «уктаткыч» кыз колго түшүрүлдү

Алдамчылыкка шектүү адам кармалганын Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 2020-жылдын 30-октябрында болгон. Ошол күнү Бишкектен бейтааныш кыз телефон чалып алуу үчүн көчөдөгү кыздын телефонун сураган. Телефонду алып сүйлөшүмүш болуп андан ары изин жашырып кеткен.

Алданган кыз милицияга кайрылып, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.

Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал 1991-жылы туулган М.З. болуп чыкты. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктайт. Ушуга байланыштуу, укук коргоо органдары кармалган адамдын иш-аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондордун баарынан кабарлап коюуну суранат.

Яндекс.Метрика