Жаңылыктар

Бишкекте транспорт токтоп, облустар менен байланыш жабылат

Акыркы күндөрү өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Жуктуруп алгандардын көпчүлүгү вирусту кантип, кимден жугузуп алгандарын билбей жатышат. Буга себеп адамдар эл көп чогулган жерде беткап тагынбай жүрүүсү, базарлардын иштеши, коомдук транспорт  жана башка оюн-зоок мекемелердин ачылыш түрткү болууда дешүүдө экспеттер.

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспортту токтотуу сунушталууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 20-июнь күнү онлайн маалымат жыйында билдирди. Шаар ичиндеги коомдук транспорттор ишемби күнү түшкө чейин иштеп жекшемби күнү толугу менен токтотулаарын айтты. Мындан тышкары облустар аралык каттаган каттамдар дагы токтотулат.
Бишкек менен Чүй вирустун очогу болууда. Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 192 адам коронавирус жуктуруп алган.

Яндекс.Метрика