Бишкекте жүздөгөн адамдар митингге чыгышты
Бүгүн, 29-ноябрда активисттер менен жөнөкөй жарандар Конституциянын реформалоо мыйзам долбооруна каршылык билдирип нааразылык акциясына чыгышты.

Жүздөгөн адамдар темир жол бекетинин жанына чогулуп андан ары Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш кылып келатышат. Референдумга жол жок!» деп аталган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин билдиришүүдө.