Жаңылыктар Сурамжылоо

Бишкекте жол акысы 19 сом болот

Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты.

Биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу, экинчиси — автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант — автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.

Жол кире акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн. 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Алар талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

Төмөндөгү сурамжылоого катышып жол акысы канча сом болушу керек экендиги боюнча оюуңузду билдириңиз.

Бишкекте маршруткага жол акысы канча сом болушу керек?
  • 10 сом 59%, 322 голоса
    322 голоса 59%
    322 голоса - 59% из всех голосов
  • 15 сом 23%, 124 голоса
    124 голоса 23%
    124 голоса - 23% из всех голосов
  • 12 сом 11%, 60 голосов
    60 голосов 11%
    60 голосов - 11% из всех голосов
  • 19 сом 6%, 32 голоса
    32 голоса 6%
    32 голоса - 6% из всех голосов
  • Баары бир 1%, 6 голосов
    6 голосов 1%
    6 голосов - 1% из всех голосов
Всего голосов: 544
27.04.2021 - 08.05.2021
Опрос закрыт
Яндекс.Метрика