Жаңылыктар

Бишкекте журналистти эсин жоготкуча сабап кетишти

Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду сабап кетишти. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу журналист Бактыгүл Сокушова билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында Бишкектин Ленин районунда болгон.

«Буга чейин коркутуп телефон чалуулар болгон. Дарыканадан чыкканда белгисиз адамдар ага жакындап келип, кол салышкан. Бетине жана башына тепкилеп башташкан», — деди Сокушова. Ал Бактурсун эсин жоготуп, үйгө саат 04:30да гана жеткенин кошумчалады. Учурда ал Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө, арыз жазып жатат.

Яндекс.Метрика