Жаңылыктар

Бишкектеги СИЗО-1де абактагылар оозун тигип алышты. Аларга жаңы башчы жакпай калган

Бишкектеги СИЗО-1де абактагылар оозун тигип алышты. Алар жаңы башчы Марс Жусупбековдун дайындалганына нааразы. Бул тууралуу коопсуздук органдарынын кызматкерлери кабарлашты.

Белгиленгендей, «нааразычылык акциясына» СИЗО-1де тергөө иштери жүрүп жаткан үч адам катышууда.

Эске салсак, 2014-жылы Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган, ага ылайык Жусупбеков төрт жылга эркинен ажыратылган. Бирок, ал Жогорку Сотто соттордун чечимдерине даттанып, соттук коллегия мурунку өкүмдөрдүн бардыгын жокко чыгарып, иштин материалдарын жаңы сот жараянына жөнөткөн.

Кийинчерээк Октябрь райондук соту кылмыш курамынын жоктугу үчүн Жусупбековду актаган жана 2020-жылдын 21-майында Бишкек шаардык сотунун сот коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Андан кийин Жогорку Соттун судьялар коллегиясы төмөнкү соттордун мыйзамдуу күчүндө калтырган чечимдерин күчүндө калтырды, башкача айтканда Жусупбеков толугу менен акталды.

Жусупбеков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Кийинчерээк Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны «Кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча төрт жылга эркинен ажыраткан.

Яндекс.Метрика