Бишкектин Ата-Бейит тараптан тартылган сүрөтү талкууга алынып жатат.
Бишкектин Ата-Бейит тараптан тартылган сүрөтү социалдык тармактарда талкууга алынууда. Ширин Айтматова Твиттердеги баракчасына Бишкектин түтүн каптап турган сүрөтүн жарыялады.
«Түтүнгө чөгүп бараткан тоо, Ата-Бейиттен көрүнүш» — деп жазган ал.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын кээ бири бул көрүнүшкө суктанышса, кээ бири Бишкекти кара түтүн каптап калганы кайгылуу экенин жазышууда.
