Бишкектин четинен 20 уйдун өлүгү табылды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Кек-Булук жана Ивановка айылдарынын ортосунда 20 уйдун сөөгү айланып өтүүчү жолдун боюнда жатканын тургундар кабарлашкан.

Алардын айтымында бодо малдын сөөгүн куштар менен иттер жеп баштаган.
Ал арада Кек-Булук айыл өкмөтүнүн башчысы Чолпонкул Чоткараев малдын сөөгүн ким таштап кеткени белгисиз экендигин билдирди.

«Ивановка айылынын турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлери тракторго салып малдын өлүктөрүн алып кетишти. Бул аймак Ивановка айылына карайт. Кек-Булуң айылында Беккари чуңкуру бар. Өлүктөрдү ошол жерге ташташ керек болчу. Адистер бодо малдын өлүмүнүн себептерин иликтөөдө », — деди ал.