Жаңылыктар

Бишкектин мэри Суракматов ордуна кайтып келди

Буга чейин кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган Бишкектин мыйзамдуу мэри кайра ордуна кайтып келди. Анын кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында Азис Суракматов жумуштан кетүү арызын өкмөт башчыга жазган бирок аны эч ким кабыл алган эмес, ошондуктан мэр ишинен кеткен эмес.

Буг чейин мэр болууга 2 адам келип кайра кетишкен. Алардын шаар башкарууда эч кандай тажырыйбасы жок экенин, шаарда канча район, канча жаңы конуштар бар экенин айта алышкан эмес. Жумушту эмнеден баштайсыз деп сураганда «мусордон баштайм» деп жооп бергенин Гуля Алмамбетова айтып берди.

Бүгүн мэр элдин коштоосунда ордуна кайтып келип ишин улантып жатат.

Яндекс.Метрика