Кызыктуу

«Биз сыноодон өттүк». Асел менен Нурлан жарашканын жарыялашты

Буга чейин таарынышып эки башка жолго түшкөн ырчы түгөйлөр Асел Кадырбекова менен Нурлан Насип кайрадан бирге. Бул тууралуу Асел өзүнүн баракчасы аркылуу билдирди.

«Жашыруунун кереги жок деп ойлойм! Биз кайрадан биргебиз! Мен бала тарбиялоо кыйынчылыкты өзүм жалгыз мойнума көтөргүм келбейт. Биз мындай чечимге чогуу келдик. Бул биздин чечимибиз! Сүйүү жеңди.

Мындан ары эмне болору бир гана Жаратканга белгилүү. Биз өз кезегинде үй-бүлөнү бекемдөөгө аракет кылабыз. Күчтүү, бекем үй-бүлө куруу үчүн бизде күч жана акылмандык жетиштүү деп ишенем.

Биз сыноодон өттүк. Ага карабастан үй-бүлөбүздү сактап калдык! Нурлан Насип менен кайгыда да, бакытта да бирге бололу!

2-3 ай бою сырды сактаганга аракет кылдык.
Бирок, билдирүүлөрүңүздү көрүп, биз үчүн кандай тынчсызданып жатканыңызды көрүп, жашыруу мүмкүн эмес болду. Ар бир үй-бүлө, бекем болсун!» — деп жазган ырчы.

Яндекс.Метрика