«Бизге кийим керек эмес, акча керек». Чогулган кийимдерди эч ким албай жатканы айтылды
Социалдык тармактардын түрк сегментинде гуманитардык жардам таратуу менен алектенген адам элден кийим-кече жөнөтпөөнү суранган видео тарады. Анын айтымында, адамдардын кийимдери бар. Мындан улам кийим-кечелерди таштандыдай ыргытууга аргасыз болууда.

6-февралда Түркияда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, Сириянын бир катар аймактары да жабыркаган. Жер титирөөлөр Ливан, Ирак, Египет, Греция, Кипр жана Израилде да сезилди. Бул жер титирөө Түркияда 1939-жылдан берки эң чоң жер титирөө болду. Өлкөдө 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланды. Түркия элчилиги гуманитардык жардам чогултууну жарыялады. Кыргызстан Түркияга куткаруучулар тобун жөнөттү.
12-февралдын таңында Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 28 миңден ашты.