Видео Дүйнөдө

Блогер өзүнүн уктап жатканын түз эфирге чыгарып 16 миң доллар тапты

Twitch стрим тармагындагы Азиан Энди лакап аттуу блогер бир түндө 16 миң доллар тапкан. Ал өзүнүн уйкусун түз эфирге чыгарган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бирок, бул жөн гана уктап жаткан адамдын түз эфири эмес. Көрүүчүлөр блогерди жети саат бою укташына тоскоол кылышкан. Алар ага катуу музыка, айнектин сынган үнүн, иттердин үргөнүн, түрлүү кыйкырыктарды чат аркылуу жиберип турушкан.
Донат кызматы аркылуу көрүүчүлөр блогерге акча жөнөтүп турушкан. Түнү менен чогулган акча 16 миң АКШ долларын түзгөн.

Яндекс.Метрика